TED Talks with Kyrgyz transcript

Жан-Батист Мишел: Тарыхтын математикасы

TED2012

Жан-Батист Мишел: Тарыхтын математикасы
1,279,350 views

Математика тарых тууралуу эмне айта алат? TED -дин стипендиаты Жан Батист Мишелдин айтыманда, көп нерсе. Тил өзгөрүүлөрүнөн баштап согуштардагы өлүмдөрдүн санына чейин, кантип сан менен чагылдырылган тарых терең түптө жаткан моделдерге жаңы эле кайрылып жатканын көрсөтүүдө.

Банкер Рой: Жыңайлак кыймылынан алынган сабактар

TEDGlobal 2011

Банкер Рой: Жыңайлак кыймылынан алынган сабактар
4,300,944 views

Индиянын Ражастан аймагында өзгөчө мектебинде айылдык аялдар менен эркектер - көбү сабатсыз - өзүнүн айылдарында күн энергиясы боюнча инженер, адис, доктур, тиш доктур болууну үйрөнүшөт. Ал мектептин аталышы Бэафуд (Жыңайлактар) Колледжи, жана анын негиздөөчүсү, Банкер Рой ал окуу жайдын кандай иштээри тууралуу кеп салат.

Мэт Каттс: 30 күндүн ичинде жаңы ишти баштаганга аракет кылыңыз.

TED2011

Мэт Каттс: 30 күндүн ичинде жаңы ишти баштаганга аракет кылыңыз.
12,215,040 views

Жашооңуздарда бир нерсеге тилек кылып, бир нерсе кылам деп, бирок аны жасабай калган учурлар болду беле? Мэт Каттс сунуштайт: Ошол нерсени 30 күндүн ичинде жасаганга аракет кылыңыз. Бул кыска, жөнөкөй маек максатты туура коюу жана ага жетишүү боюнча токотер кадамдар жөнүндө баяндайт.

Aaron Huey: Согуш абагына түшкөн Америкалык түпкүлүктүү калк

TEDxDU 2010

Aaron Huey: Согуш абагына түшкөн Америкалык түпкүлүктүү калк
1,692,364 views

Америкадагы жакырчылыкты фотосүрөткө чагылдырам деген аракети менен жүргөн Aaron Huey Америкадагы түпкүлүктүү калк жашаган "Pine Ridge Indian Reservation" (Пайн Ридж Индиан Резервейшн) аттуу жерден Лакота жергиликтүү уруусу менен таанышат дагы алардын эң оор деңгээлде жашоо-тиричилик кылгандыгы жана башкалар тараптан таптакыр унутулуп калгандыгы аны өзүнүн баштапкы максатын өзгөртүүгө алып келет. Беш жыл ичиндеги кылынган анын талыкпаган сүрөттөрү зээнди кейиткен тарых сабактары менен уйкалышып, көрүүчүлөргө тайманбай бетке айтылгандыгы TEDxDU аркылуу сунушталат.

Жейн Чен: Өмүрлөрдү сактаган жылуу кучак

TEDIndia 2009

Жейн Чен: Өмүрлөрдү сактаган жылуу кучак
874,886 views

Өнүгүп келе жаткан дүйнөдө инкубаторлор кымбат баалуу жана алыстыкта жайгашкандыктан, жыл сайын миллиондогон ымыркайлар көз жумуп келет. TED мүчөсү Жейн Чен миллиондогон ымыркайларды жылуулукта кармап, өмүрүн сактай алчу жаңы инновацияны тааныштырат. Ал - коопсуз (сак), алып жүрүүгө ыңгайлуу, арзан баада жана өмүр сактайт.

Имам Фейсал Абдул-Рауф: Менчилдиңизди таштап, кайрымдуулугуңузду табыныз.

TEDSalon 2009 Compassion

Имам Фейсал Абдул-Рауф: Менчилдиңизди таштап, кайрымдуулугуңузду табыныз.
549,886 views

Имам Фейсал Абдул-Рауф, Куран, Руминин аңгемелери жана Мухаммед (САВ) жана Иса (АС) пайгамбарлардын өрнөктөрүн биргелештирип колдонуп, ортобузда жана чексиз борукердикке жетишүүбүздө жалгыз гана бир тоскоол болгонун байандоодо - ал да өзүбүз.

Мюррей Гелл-Манн тилдердин тегини жөнүндө сүйлөйт.

TED2007

Мюррей Гелл-Манн тилдердин тегини жөнүндө сүйлөйт.
944,446 views

TED 2007 конференцияда физиканын сулуулугу боюнча сүйлөгөндөн кийин укмуштуу Мюррей Гелл-Манн анын башка кызыккан нерсеси - азыркы замандагы тилдердин жалпы тегин табуу жөнүндө кыскача сүйлөйт.

Джонни Ли Wii Remote менен ыкмаларды көрсөтүп жатат.

TED2008

Джонни Ли Wii Remote менен ыкмаларды көрсөтүп жатат.
6,914,172 views

Татаал маалымат алуу шаймандарды арзан бөлүктөрдөн жасап, Джонни Ли Wii Remote менен сонун ыкмаларынды көрсөтүп жатат. 40 доллар турган Wii Remote деген видео оюн контроллерди цифралык класс тактага, сенсордук touch-screen экранга, жана башына бекитилген үч өлчөмдүү көрүү аспапка айландырды.

Эллисон Хант жаңы жамбаш сөөк алды

TED2007

Эллисон Хант жаңы жамбаш сөөк алды
635,855 views

Элиссон Хант жамбаш сөөгүн алмаштыруу операциясы керек жана Канаданын ден-соолук системамы боюнча буга эки жыл кетеээрин билгенде, баарын өз колуна алайын деп чечти.